Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелигинин алдында бүгүн, 21-апрелде “Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан!” долбоору башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарланды.
Берилген маалыматка ылайык, иш-чара 500дөй адамдын катышуусунда өтүп жатат. Маданият маалымат жана туризм министринин атынан Улуттук маданий борбордун башчысы Тургунбай Алдакулов чыгып сөз сүйлөп, китептин турмуш үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Долбоордо ар түрдүү кызыктуу оюн-зооктор уюштурулгандыктан окуучулар китепти кызыгуу менен окуп, конструктор чогултуп, түрдүү мелдештерге катышып, сүрөт тартуу менен алектенишүүдө. Ал эми улуулар да четте калбастан китептерге кызыгуусу артып, сатып алууда. Иш чара 21-27-апрелге чейин уланат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын негизги максаты – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китептерди окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриотизм, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү.