Бүгүн, 21-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 4-туру старт алат. Анда Бишкек, Кант жана Ош шаарларында 6 команда өз ара беттешсе, 22-апрелде Бишкекте "Дордой" - "Абдыш-Ата" беттеши орун алат.
"Илбирс" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
Стадион: "Футбол борбору" (Бишкек шаары)
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек)
Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө
Жаңы топтолгон Бишкектин "Илбирс" командасы 3-турда алгачкы жеңишине жетти, ал буга чейин "Алай" менен "Нефтчи" командаларынан жеңилүү ызасын тарткан. 3-турда "Илбирс" "Академияны" 3:1 эсеби менен жеңип, азыркы тапта 3 упай менен турнирдик жадыбалда 6-орунда жайгашты. "Кара-Балта" командасы 3 турдун жыйынтыгында упайсыз саптын аягында келүүдө. Кара-балталык команда 3-турда "Алайдын" үстүнөн жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок алар 1-таймда 4:0 менен жеңип келе жатып, беттештин жыйынтыгында 5:6 эсеби менен жеңилип калды.
"Алга" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)
Стадион: "Борбордук" (Кант шаары)
Калыс: Нурзат Аскат уулу (Бишкек)
Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө
Бишкектик "Алга" 3 турдун жыйынтыгында 5 упайга ээ болуп, 4-орунда жайгашса, кочкор-аталык "Нефтчи" 3-турда алгачкы жеңилүү ызасын тартып, 6 упай менен 3-орунда жайгашууда.
"Алай" (Ош) - "Академия" (Ош)
Стадион: "Ахматбек Сүйүмбаев" (Ош шаары)
Калыс: Эрлан Осмонов (Көк-Жаңгак)
Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө
Оштун "Алай" командасы 3-турда "Кара-Балтадан" жеңилип калууга аз калды. Анда команданы легионерлер гана сактады. Жоел Кожо менен Алиа Силла бирге 5 гол киргизип, атаандашын жалпы 5:6 эсебинде жеңип алышты. Муну менен 7 упайга ээ болгон "Алай" 2-орунда жайгашса, упайсыз "Академия" командасы 7-орунду ээлеп келүүдө.
"Дордой" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)
Стадион: "Дордой" (Бишкек шаары)
Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)
Башталышы: 22-апрель, саат 16:00дө
4-турда "Дордой" командасы атаандашын өз талаасында кабыл алмакчы. 3 турдун жыйынтыгында бишкектик команда 7 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын башында жайгашкан. Канттык "Абдыш-Ата" 3-турда "Нефтчини" жеңип алгачкы жеңишине ээ болду, буга чейинки 2 турда канттык команда атаандаштары менен тең чыккан болчу. Азыркы тапта "Абдыш-Ата" 5 упай менен турнирдик жадыбалда 5-орунда жайгашууда.
Турнирдик жадыбал