Токмок шаарында 4 килограмм баңгизаты менен Чүй районунун тургуну кармалды
Токмок шаарында 4 килограмм 5 грамм марихуана алып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин
басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-июнда 52 жаштагы С.К. аттуу адам баштыктын ичине марихуана салып жүргөн жеринен кармалган. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амлдары жүргүзүлүүдө.