Топ-Лиганын 4-турунун алкагында 21-апрелде 3 беттеш орун алды. Дагы бир беттеш бүгүн, 22-апрелде болот.
Бишкекте "Илбирс" жана "Кара-Балта" командалары кез келип, оюн 3:2 эсебинде талаа ээлеринин эсебине чечилди. Алгачкы голду оюндун 32-мүнөтүндө Исаков киргизип, "Кара-Балта" командасын 1:0 эсебинде алдыга алып чыккан. "Кара-Балта" 49-мүнөттө эсепти 2:0гө айлантып, голду Абдукаимов киргизген. Бирок "Илбирстин" оюнчулары Топ-Лигадагы кезектеги жаңы команда эмес экенин далилдеп 76, 86 жана 90-мүнөттө 3 гол киргизип, атаандашынын үстүнөн оор жеңишке жетти. "Кара-Балта" 3-турда "Алай" менен болгон беттешин кайталап, кезектеги үч упайынан кол жууду.
Кант шаарында "Алга" жана "Нефтчи" командаларынын беттеши орун алды. Оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. "Алга" командасы бул көрсөткүчү менен 4-ирет тең чыкты.
Ош шаарында жергиликтүү эки команда "Алай" жана "Академия" Топ-Лиганын алкагында алгачкы ирет кез келишти. Буга чейинки беттештерде упай ала албаган "Академия" оюндун биринчи бөлүгүндө топко көбүрөөк ээлик кылганы менен гол киргизе алган эмес. "Алайдын" африкалык чабуулчуларынын аракети менен беттештин 70-мүнөтүндө Алиа Силланын ашырып берген тобун Жоел Кожо дарбазага башы менен жолдоп эсепти 1:0гө айлантса, 87-мүнөттө Силла өзү 2-голду киргизген. Беттеш 2:0 эсебинде "Алайдын" жеңиши менен аяктаган.
Турнирдик тизме:
Бүгүн, 22-апрелде Топ-Лиганын 4-турунун алкагында Бишкек шаарындагы Дордой спорткомплексинде саат 16:00дө көп жылдардан бери ички чемпионатта туруктуу каршылаш болуп келе жаткан "Дордой" жана "Абдыш-Ата" командаларынын беттеши орун алат. Буга чейинки беттешинде "Алга" менен тең чыккан "Дордой" бүгүнкү оюнда жеңишке жете албаса, анда "Алай" 10 упайы менен турнирдик тизмекти жетектеп калат. "Абдыш-Ата" командасы буга чейин Топ-Лиганын байгелүү орундарга ат салышкан командалары менен кез келип жакшы оюндарды көрсөткөн. Эгер бүгүнкү беттеште жеңишке жетсе, анда 8 упай менен 2-сапка жайгашат.