Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: "EREM" жана "Алга" финалдык сериядагы 3-беттешин өткөрөт
Бүгүн, 22-апрелде Кызыл-Кыя шаарында футзал боюнча өлкө биринчилиги Суперлиганын финалдык сериясынын 3-беттеши орун алмакчы.
Маалыматка ылайык, беттеш саат 20:00дө Оштун "EREM" жана Бишкектин "Алга" командаларынын ортосунда "Газпром" спорткомплексинде болот. Буга чейинки 16-17-апрелде Бишкекте өткөн оюндун 1-беттешин "EREM" 4:1 эсебинде жеңсе, 2-оюнда "Алга" 8:2 эсебинде жеңишке жеткен. Учурда эки команданын 1ден жеңиши бар. Финалдык серияда командалар 3 жеңишке чейин беттешмекчи.
Финалдык сериясынын 4-беттеши эртең, 23-апрелде ошол эле жерде өтөт.
Эске салсак, Суперлиганын коло байгесин Бишкектин "Фарватёр" командасы жеңген.