Ысык-Көл. Тоң районунда кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен өлгөн майда жандыктардын саны 676га жетти

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 17-июнда нөшөрлөп жааган жамгыр карга айланып, жааган кардын калыңдыгы 5-10 сантиметрди түзгөн. Ал эми тоодогу жайыттарда кар 30 сантиметрге жеткен. Бул тууралуу Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев кабарлады. Маалыматка таянсак, кардын  кесепетинен чабандар көптөгөн чыгымга учурады. Бүгүнкү күндө жалпы район боюнча 676 кой, 21 уй, 6 жылкы өлгөндүгү такталды. "Бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн. Себеби кээ бир жайыттарга унаа бара албай, райондун жетекчилери, ӨКМнын кызматкерлери аттар менен барып, өлгөн малдын санын тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Райондогу Күн- Чыгыш, Ак-Терек, Көк-Мойнок, Болот Мамбетов айыл өкмөттөрү чыгымга учуроодо. Алардын ичинен Ак-Терек айыл өкмөтүндө 300дөн ашык майда мал өлдү",- деди район акими. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fariuri
2013-06-20 12:22:52
Жаратканым Аллах эли жериме тынччылык,токчулук,молчулук бере корунуз.
0
Xamer
2013-06-20 12:32:50
fariuri, эл тынч жашабаса боло берет...
0
kokkozovdolot
2013-06-21 02:40:31
Кудайдын жаратылыш аркылу берген сыносу сабыр кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан