Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн тургундары 1 айдан бери ичүүчү суудан кыйналууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Анын айтымында, бир ай мурун ошол көчөдөгү мектептин тушундагы көп кабаттуу үйлөргө жана жеке турак үйлөргө кеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн суу токтотулуп, жер казылган.
"Түтүктөрдү "Жалал-Абад Сууканал" башкармалыгы алмаштырабыз деп казышкан. Бирок ошондон бери иш бүтпөй суу жок. Башкармалыкка да мэрияга да бир нече жолу кайрылып, жыйынтык көрө алган жокпуз. Мындан тышкары казылган жерлер толук калыбына келтирилбей, унаалар менен жүргөндө баткактан ыңгайсыздык жаралат", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.