Кыргызстанда "Парламент ФМ" радиосу эфирге чыгуу ишин убактылуу токтотту. ЖКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, радионун ишин токтотуу техникалык жабдыктарды жаңылоо менен байланыштуу. 21-22-ноябрда өтчү ЖКнын кезектеги жыйынын обого ошол эле күндөрү КТРКнын "Биринчи радиосу" саат 19:30да алып чыкмакчы.