Ирандык ырчы Араш 1977-жылы 23-апрелде Ирандын Тегеран шаарында туулган. Ал 10 жашка чыкканда үй-бүлөсү Ирандан Швецияга көчүп келишкен. Жаңы жерде ырчы тил жагынан кыйналганы менен, жөндөмдүү болгондуктан тез арада тилди да, окууну да өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарына кошулган.
Бала кезинен көздөгөн максатына жетүүгө бүт аракетин жумшаган Араш ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. 14 жашка чыкканда мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар менен топ түзүп, сахнага чыга баштаган. Ошентип ырчылыкка кадам таштаган ал тез эле дүйнөлүк хитке айланган ырлардын аткаруучусу катары белгилүү болгон.
Анын швед ырчысы Хелена Юсефссон менен бирге аткарган "Жараланган периште" ("Broken Angel") ыры күйөрмандарын кайдыгер калтырган эмес. Араш орус ырчылары менен да биргеликте ыр жаздырууга үлгүргөн. Мисалга алсак, "Блестящие" тобу менен "Чыгыш жомогу" ("Восточные сказки"), "Фабрика" тобу менен "Али-Баба" жана башкалар.