Англиялык "Ливерпуль" футболдук клубунун оюнчусу Мохаммед Салах Англия Премьер-Лигасынын мыкты оюнчусу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, профессионал футболчулар ассоциациясынын версиясы боюнча Англиянын мыкты оюнчусу деп, "Ливерпуль" футболдук клубунун жарым коргоочусу Мохаммед Салах табылды. Бул наамга Салахтан тышкары "Манчестер Юнайтед" клубунун дарбазачысы Давид де Хеа, "Манчестер Ситинин" жарым коргоочулары Кевин де Брёйне, Лерой Сане, Давид Сильва жана "Тоттенхэм" клубунун чабуулчусу Гарри Кейн талаптанган.
Айта кетсек, Мохаммед Салах футбол боюнча Англия биринчилигинин алкагындагы 33 беттеште 31 гол менен айырмаланган. Бул жыйынтык менен Салах 1 сезондогу голдор боюнча Криштиану Роналду менен Луис Суарестин рекордун кайталаган.