Кыргыз дзюдочулар Азия кубогунда 5 медаль тагынышты

Кыргыз спортчулар Казакстанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Азия кубогунда 5 медаль тагынышты.

Мелдеште Казакстан, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 198 спортчу катышып, 16 салмак ченинде күч сынашты. Кыргыз өлкөсүнөн аталган мелдешке 23 спортчу катышып, алардын ичинен 5 спортчу 2 күмүш жана 3 коло медаль тагынышты.

Адиль Мырзаев - күмүш медаль

81 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Богдан Филиппов жана Адиль Мырзаев катышты.

Богдан Филиппов жарым чейрек финалдык баскычта казакстандык Даулет Ахмед менен кездешти. 4 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Филиппов 1 упайга ээ болуп жеңишке жетти. Чейрек финалда Кыргыз дзюдочусу Токтарбек Айдарбектин үстүнөн жеңишке жетип, жарым финалга өттү. Анда Адиль Мырзаев жеңилип калды. Коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган Филиппов казакстандык Куаныш Ратаев менен кез келди. 4 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында казакстандык балбан 1:0 эсеби менен жеңишке жетип, коло медалды илип кетти.

Өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону Адиль Мырзаев жарым чейрек финалда казакстандык Абылай Утеуовдун үстүнөн жеңишке жетип, чейрек финалда Серикболсун Сынтасты иппон менен жеңип алды. Мырзаев жарым финалда Богдан Филипповдун үстүнөн жеңишке жетип финалга аттанды. Анда ал Бейбит Мадеев менен кездешип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып калды.

Муну менен Адиль Мырзаев күмүш медалды тагынса, Богдан Филиппов 5-орунду ээледи.

Тилек Абибеков - күмүш медаль, Керим Казатов - коло медаль

100 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Тилек Абибеков, Орозбек Алмазбеков, Керим Казатов жана Нурсултан Уланбек уулу катышты. Орозбек Алмазбеков жана Нурсултан Уланбек уулу алгачкы беттешинде эле жеңилип калып, медалдар үчүн күрөштү токтотушту.

Керим Казатов жарым чейрек финалда казакстандык Ырасыл Азимжановду, чейрек финалда Нурлыхан Шарханды жеңип алды. Жарым финалда Казатов казакстандык Нурсат Темирхан менен беттешти. Темирхан 3 мүнөт 30 секундда Кыргыз дзюдочунун үстүнөн жеңишке жетип финалга аттанса, Керим Казатов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн беттеште Казатов менен Кененсары Орунбассар күч сынашты. Беттештин 54-секундасында Казатов иппон менен жеңишке жетип, коло медалды тагынды.

Тилек Абибеков жарым чейрек финалда казакстандык Иссатай Абаевди, чейрек финалда түштүк кореялык Лим Хёкту жеңип алды. Жарым финалда Абибеков казакстандык Бекзат Аблаевди жеңип, финалга аттанды. Алтын медаль үчүн беттеште Тилек Абибеков Нурсат Темирхан менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Абибеков 3 жолу эскертүү алып, алтын медалдан кол жууду.

Муну менен Тилек Абибеков күмүш медаль тагынса, Керим Казатов коло медалга ээ болду.

Эртур Турдубаев - коло медаль

66 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышты. Алардын ичинен Эртур Турдубаев гана медаль тагынууга үлгүрдү.

Эртур Турдубаев алгачкы беттеште казакстандык Айболат Ыстыбаев менен беттешип жеңилип калды. Бирок Ыстыбаев жарым финалга аттанганы үчүн Турдубаев көңүл жубатуучу раундга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Анда казакстандык Раван Бегалыны, Ильяз Насипбаевди жана Дастан Шаяхметовду жеңип, коло медаль үчүн беттеште Алмаз Галымов менен кез келди. Эртур Турдубаев 3 мүнөт 23 секунддун ичинде атаандашынын үстүнөн жеңишке жетип, коло медалга ээ болду.

Дарья Тимофеева - коло медаль

Кыздар арасындагы 78 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Дарья Тимофеева күч сынашты. Алгач казакстандык Гулябану Аманханованы жеңип, жарым финалда Лаура Жаныбековадан жеңилип калды. Коло медаль үчүн беттеште Тимофеева Жанэрке Куанышева менен күч сынашып, 2 мүнөт 55 секунддун ичинде Куанышеванын үстүнөн жеңишке жетип, коло медаль тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан