Орусияда Google издөө системинин айрым IP-даректери жабыла баштады. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Орусиянын Байланышты көзөмөлдөө федералдык коопсуздук кызматынын (Роскомнадзор) маалыматына ылайык, Google компаниясы аталган органдын талаптарын аткарган эмес. Тагыраагы, компания соттун чечимин бузуп, Орусия аймагында Telegram тиркемесине ишкерлик жүргүзүү үчүн өзүнүн IP-даректерин колдонууга уруксат берген. Мындан улам Орусиянын байланышты көзөмөлдөө федералдык коопсуздук кызматы Telegram колдонуп жаткан Google компаниясынын IP-даректерин тыюу салынган даректердин тизмесине киргизди.
Эске салсак, 13-апрель күнү Москванын Таган райондук соту Орусиянын көзөмөл комитетинин дооматын канааттандырып, Telegram тиркемесин Орусия аймагында колдонууга тыюу салган.