Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасы Түркмөнстанга жеңилип калды

Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун алкагындагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.

Бангладештин Дакка шаарында 21-27-апрель аралыгында өтүүдө. Анда Азиянын "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 6 өлкө катышууда. Алар 2 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Кыргыз курамасы "В" тайпасына кирип Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары менен беттешмекчи. Ал эми "А" тайпасында Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курама командалары кездешет.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген командалар жарым финалга өтүшөт.

Кыргыз курама командасы алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен беттешип, тилекке каршы, 3:0 эсеби менен жеңилип калды. Түркмөн волейболчулары беттештин жүрүшүндө партиялар боюнча 25:23, 35:33 жана 28:26 эсеби менен жеңишти илип кетти.

Кыргыз волейболчулар эртең, 24-апрелде Өзбекстан курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Brokg89
2018-04-23 15:16:30
Оюн кучтуу болуптур щеттон эле байкаса болот!!!
+2
kalbek87
2018-04-23 15:58:24
Жакшы эле барышкан экен, оомат турктордо болуптур да.
+5
Erjigit15.kg
2018-04-23 16:20:30
Кыргызстан алга оюн күчтү болгон окшойт
+2
Samat777
2018-04-23 17:07:17
каап мен барсам утат элек.
-1
Lutfulla
2018-04-23 17:26:20
Башкаларын женесинер деп ишенебиз алга жигиттер. Биз силерге ишенебиз,силер мыктысынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан