SUPER.KG`нин Түз эфиринде бүгүн саат 15:00дө ырчы Айпери Кубик кызы конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү ырчы жана куудул Кубик Калыковдун тун кызы, эстрада жылдызы Айпери Кубик кызы болмокчу.

Ырчы жакында эле Египеттен сүйүктүүсү менен чакан үлпөт той өткөргөндүгүн билдирген.

"Гастролдон келерим менен эле сүйүктүүм күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда бара турганыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - деген ал.

Айпери Кубик кызы менен мурунку жолдошу Наруландын ортосунда Даян аттуу уулу бар.

Айпери Кубик кызына арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга 25-апрель күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Ma9
2018-04-24 10:28:01
жолдошунуз кыргызбы
+2
kelemdedin
2018-04-24 11:20:17
Айжан Акылбекованы чакыргылачы.
0
Modric10
2018-04-24 11:45:07
Умутай Абдышованы чакыргылачы.супер
+1
Floweriza
2018-04-24 13:14:44
Мен да ошону айтам супер инфодон тушпой калды го
+1
Medinaa
2018-04-24 16:09:26
Абир Касеновду чакыргалачы сураныч!
-2
Bek_abad
2018-04-24 17:30:52
Тынч эле жашай берчи!) Эфир сефирди жыйнаштырып.
+5
B.GULNARA
2018-04-24 17:34:32
Урматтуу супер инфо жамааты, уч-торт ырчы болумуштарды айландырып эле чыгара бербей, башка ырчыларды деле чакырсанар. М. Атабеков, И. Абразаков, Омар сыяктуу таланттуу ырчыларды, сиздерден сураныч.
+6
myslimaaa
2018-04-24 17:57:03
Айперини жон эле койсонор болот. Келгенине аз эле болдуго туз эфирге
+4
Nur555n
2018-04-24 18:30:35
Ушул жакта жашайбы Айпери
+1
vikidiki
2018-04-24 19:35:44
Эрмек Нурбаевди чакыргылачы.Кайра эле Айпери. Сыягы куйоосунун фотосун корсотот го дейм.
0
sessa
2018-04-24 20:33:19
Бадыеваны чакырсаңар боло...чакырыла электер чакырылса жакшы болот эле
-3
cyrus
2018-04-24 20:54:57
Ат тезегин кургатбай кайрадан чакырыпсынарда
+3
Meni_unut
2018-04-24 23:25:23
Ырчы куруп калгандай...
+5
Feiza1982
2018-04-25 00:56:17
Кийингени эч эле мага жакпайтта ушул катындын .
Төшүн көргөзүп жарымына чейин көргөзүп алат качан көйнөгү шыпырылып калат деп коркко берем негедир эле .
0
surgeon777
2018-04-25 05:10:06
Куйоонуз кыргызбы деген суроодон башка суроо берилбептир,ушундан тыянак чыгарсаныз болот канчалык кызыктуу экениниз элге "улуу урматтуу" Кубиктин кызы))))

Бир кездери Айгерим тажатып жатчы эле,азыр эми татынакай жар болуп,угушума караганда жакшы келин болуп жатыптыр,сыягы жашоонун манызын тушунгон го,хотя бы ошодон улгу алчы,а сен журосун под кайф прямой эфирге чыгып Дубайдан:ээ канчадасыз,31де же 32де белениз деп сурап коёт жанындагы "куйоосунон",анын жашын билб
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан