Ырчы Назгүл Токтакунованын "Как в кино" аталышындагы ырынын клиби "ТНТ MUSIC" музыкалык каналынын "Резидент ТНТ Music" сынагында 10 мыкты клиптин катарына кошулду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Сынакка клибимди жиберүүнү досторум сунушташкан. Кыргыз эмеспизби, ырларды кабыл алуу күнү аяктап жаткан эң акыркы күндөрү жибергенге жетишип калдым. Учурда чыгармам 10 мыкты клиптин тизмесинде 65 пайыздык көрсөткүч менен биринчи орунда келе жатат. Жеңүүчү элдин добуш берүүсү жана атайын эксперттердин чечими менен июнь айында аныкталат. Баш байгеге 1 миллион рубль коюлуптур. Орусияда мыкты клип тарткан ырчылар көп, меники кошулбай калса керек деп ойлогом. Ырымды мыкты 10 клиптин тизмесинен көрүп сүйүнүп жатам", - деди ырчы.
Ошондой эле аталган чыгарма атайын Орусия, Казакстанда күйөрман топтоо максатында, ошол аудиторияга ылайыкталып жазылганын кошумчалады.