Бүгүн, 23-апрелде ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон уул төрөдү. Бул тууралуу Кенсингтон сарайынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалым болгондой, ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтондун үчүнчү наристеси бүгүн эртең менен 3800 грамм салмак менен жарык дүйнөгө келген. Миддлтондун кош бойлуу экендигин падыша үй-бүлөсү 2017-жылдын сентябрь айында коомчулукка жарыялаган. Түгөйлөр буга чейин болочоктогу ымыркайынын жынысын сыр тутуп келишкен. Жубайлардын үчүнчү наристеси убагында ханайым Диана уулдары Уильям менен Гаррини төрөгөн клиникада жарыкка келген.
Белгилей кетсек, Кембриж ханзаадасы Уильям менен Кейт Миддлтондун 5 жаштагы Жорж аттуу уулу жана 3 жаштагы Шарлотта деген кызы бар.