Кечээ, 23-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясы уланды. Анда Кызыл-Кыя шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 1-орун үчүн күч сынашып келе жаткан Оштун "ЕREM" командасы менен Бишкектин "Алга" командалары кез келишти.
Беттештин алгачкы таймында "Алга" командасы Рустам Ермеков менен Руслан Гафуровдун голу менен алдыга чыгып кетсе, "EREM" командасы Бексултан Назаровдун голу менен жооп берип эсепти 2:1 кылды. 2-таймдын жүрүшүндө оштук команданын оюнчусу Сайед Махди эсепти теңдесе, "Алга" командасы Файзали Сардоровдун жана Саламат Мамбеталиевдин 2 голу менен 5:2 эсебинде жеңишке жетти.
Бул жыйынтык менен бишкектик "Алга" финалдык сериядагы эсепти 2:2 кылды.
Айта кетсек, финалдык серияда командалар 3 жеңишке чейин беттешмекчи. Чечүүчү беттеш 30-апрелде Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алат.
Финалдык сериянын жыйынтыктары:
1-беттеш, 16-апрель:
"Алга" - "EREM" - 1:4
2-беттеш, 17-апрель:
"Алга" - "EREM" - 8:2
3-беттеш, 22-апрель:
"EREM" - "Алга" - 3:1
4-беттеш, 23-апрель:
"EREM" - "Алга" - 2:5.