Индиянын Одиша штатында 14 жаштагы мектеп окуучусуна крокодил кол салып, ал каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучусу агасы менен дарыянын жээгине түшүп жатканда крокодил кол салган. Окуянын күбөсүнүн айтымында, крокодил суусу тизеден келген дарыянын жээгине акырын сүзүп келип мектеп окуучусунун бутунан тиштеп, суунун терең жагына тартып кеткен. Көргөндөр жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Ал тургай куткаруу кызматы да баланын сөөгүн таба албай койгон.
Баласын жоготкон үй-бүлөгө бийлик тарабынан 300 миң рупий (308370,25 сом) акчалай жардам көрсөтүлө турганы айтылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, улуттук Бхитарканики паркынын аймагынан жыл сайын 6-10 адам крокодилдин кол салуусуна туш болушат.