Франциядагы темир жолчулар жана "Air France" авиакомпаниясынын кызматкерлери иш таштоону улантууда. Жергиликтүүлөр бул маселе жакынкы күндөрдө кооптуу транспорттук маселеге алып келет деп тынчсызданууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Франциянын улуттук "SNCF" темир жол мекемесинин маалыматына ылайык, өлкөдө темир жол каттамдарындагы поезддердин 30-40 пайызы гана иштеп жатат. Жумуш таштагандардын басымдуу бөлүгү поезд башкаруучу машинисттер болгондуктан маселе оорлошууда.
Темир жол кызматкерлери Франциянын улуттук "SNCF" темир жол ишканасынын менчиктештирүү жолу менен реформаланышына каршы болууда. Алар ишкана менчиктештирилип кетсе, мамлекеттик жеңилдиктерден ажырап калабыз деп кооптонууда. Ал эми "Air France" авиакомпаниясынын кызматкерлери айлык акыны жогорулатуу талабын койгону белгилүү.