Бүгүн, 24-апрелде Бангладеште өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы Өзбекстан менен беттешет.
Дакка шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Кыргыз курама командасы "В" тайпасында күч сынашууда. Азыркы тапта "В" тайпасында Түркмөнстан курама командасы Кыргыз жана Өзбекстан курамаларын жеңип жарым финалга аттанды. Эми Кыргыз курама командасы Өзбекстан менен беттешип, жарым финалга жолдомо үчүн күч сынашмакчы.
Айта кетсек, Азия чемпиондугу Бангладештин Дакка шаарында 21-апрелде башталган. Анда Азиянын "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 6 өлкө катышууда. Алар 2 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Кыргыз курамасы "В" тайпасына кирип Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары менен беттешмекчи. Ал эми "А" тайпасында Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курама командалары кездешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген командалар жарым финалга өтүшөт.
Эске салсак, 22-апрелде Кыргыз курама командасы Түркмөнстан курамасы менен беттешип, тилекке каршы, 3:0 эсеби менен жеңилип калган. Түркмөн волейболчулары беттештин жүрүшүндө партиялар боюнча 25:23, 35:33 жана 28:26 эсеби менен жеңишти илип кеткен.