Борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш уланууда. Учурда 12 команда катышып жаткан мелдеште командалар тайпалык баскычта күч сынашууда.
Кечээ, 23-апрелде мелдештин 2-күнү жыйынтыкталып, 8 команданын өз ара беттеши орун алды. Анда "Төш-Булак" командасы "Көк-Жалдан" 4:7 эсебинде жеңилсе, "Кеңешбек-Ата" командасы "Четиндини" 4:0 эсебинде утуп алды. Ал эми "Аафият" менен "Кара-Балта" командаларынын беттеши 6:3 эсебинде жыйынтыкталса, "Келечек" менен "Теңир-Тоо" беттеши 5:3 эсебинде аяктады.
Бүгүн, 24-апрелде тайпалык баскычтагы оюндар уланмакчы. Анда "Арашан" - "Төш-Булак", "Кеңешбек-Ата" - "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" - "Кара-Балта" жана "Келечек" - "Көлдүк" командаларынын беттештери орун алат.