Коомдук ишмер, кыргыздын көрүнүктүү коомдук-саясий агартуучусу Жусуп Абдрахманов жөнүндө тасма тартуу үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу “Аскар Салымбековдун фонду” коомдук фондунан кабарлашты.
“Сынакка катышуучулар режиссёрдук сценарийди, тасманын бюджетин жана кино жаратуу мезгилинин иштиктүү планын биздин фондго жөнөтүшү керек. Жусуп Абдрахманов тууралуу тасманы Кыргыз тарыхчылары менен “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңеши сындан өткөрүп, кабыл алат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Сынактын максаты ата мекендик киномотаграфисттерди чыгармачылык колдоого алуу жана Жусуп Абдрахмановдун баскан жолун даңазалоо болуп саналат. Сынактын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 1-июлунда жолугушуу болуп, катышуучулар өздөрүнүн эмгектерин коргоп бериши шарт.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда төрөлгөн. Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы "Кыргызстан" деген ат менен жарык көргөн. Мындан тышкары анын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган "Күндөлүгү" жана башка китептери белгилүү.