Кочкор-Жумгал унаа жолунда автокырсыктан 5 адам каза болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Нарын облусунун Кочкор-Жумгал автожолундагы автокырсыктан 5 адам каза болду. Субару Ланкастер үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, оодаралып кеткен. Анын ичиндеги 5 адамдын баары окуя болгон жерде көз жумгандыгы маалым болду. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда.