Чемпиондор Лигасы: Жарым финалдын башкы каарманы - Мохаммад Салах

Бүгүн УЕФА Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттештин алгачкы оюну өтөт. Анда Ливерпуль шаарында жергиликтүү команда италиялык “Романы” кабыл алат. Кызыктуу беттештин жыйынтыгы кандай боло турганын көпчүлүк күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагы.

“Энфилдде” кезектеги рок-н-ролл күтүлөт

Быйылкы сезондун башында "Ливерпулдун" дымагы ушунча болорун эч ким баамдаган эмес. Олку-солку ойногон Клопптун шакирттери бир күнү шумдук оюн көргөзсө, эртеси анчейин күчтүү эмес командага уттуруп койчу. "Ливерпуль" бул адаттан сезондун жүрүшүндө арыла баштады. "Кызылдардын" чабуулду гана ойлоп, кээде коргонууну таптакыр унутуп койгон сапаты бар. Бирок чабуулда Салах-Фирмино-Мане сыяктуу үчилтик турганда күйөрмандар ар бир оюнда бир нече голду күтүп калышат. Ылдамдык, чабуул жана дагы бир жолу чабуул. Футбол билермандары бекеринен "Ливерпулдун" оюнун рок-н-ролл концерти менен салыштырышкан жок. Юрген Клопп эми "Ливерпуль" үчүн идеалдуу оюнду тапкандай. Бул үчүн сол буттуу сыйкырчы керек эле. Сыйкырчы табылды. Ал Мохаммад Салах. Англия Премьер-Лигасынын 35 оюнунда 31 жолу айырмаланган египеттик футболчу аталган лиганын мыкты оюнчусу аталды. Анын "Алтын топ" үчүн күрөштө экендигин эч ким тана албайт. Жарым финалдык беттештин дагы бир кызыгы - Салах дал ушул "Ромадан" келгендигинде. "Ливерпулдун" чабуулуна "Ситинин" коргонуусу кеп болгон эмес, эми кезек "Романын" коргонуусу. "Энфилдде" голдор күтүлөт. Клопп, Салах жана рок-н-ролл.

Рим эрдиктен тажабайт

"Ливерпуль" мыкты чабуулуна ишенсе, "Рома" өзүнө ишенет. "Барселонаны" тизе бүктүртүп жаткандан кийин эми бул команда эч кимден коркпойт. "Рома" машыктыруучусу Эусебио Ди Франческо тактика чебери, андыктан бул оюнга камдап койгон көзүрлөрү жок эмес. "Ооба, Салах эми бизде ойнобойт. Бирок өзүбүздө Чыңгыз Ундер бар" деп оюн алдында машыктыруучу ой бөлүштү. Чындыгында курамы боюнча "Рома" "Ливерпулдан" кем калышпайт. Жеко жана Ундер өз оюнун таап кетсе, үй ээлеринин коргоочуларына кыйынчылык түшөт. Салах "Романы" билет. Ошол эле учурда "Рома" дагы Салахтын кандай ойноорун жакшы билет. Демек, Рим кантип коргонуу керектигин жакшы түшүнөт. Эрдик жасоо үчүн дароо чабуулга өтүп кетүү керек эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Makkambaev97
2018-04-24 12:30:18
Реал-Рома финал
0
bazarkyl
2018-04-24 15:28:47
Makkambaev97, койсоң тууган бүгүн
уйкуң канбай калса керек ээ.
0
aksuu_aduk
2018-04-24 12:35:31
Ливерпулга айырмасы жок оз уйундобу конокто ойнойбу максаты гол уруш
+13
Beknur10
2018-04-24 12:38:30
Салах алга сени колдойбуз, финал Бавария Ливерпуль
+4
Iniesta8
2018-04-24 12:39:33
Быйылкы сезондо Месси менен Роналду Салахтын сол бутуна эмес, даже сол бутунун сол чыпалагына тең келе албай калды го чиркин.
-3
SeN_Sulusun
2018-04-24 12:48:10
барсанын фанатраы месси мн чогу чипсы жеп футбол коруп олтургула ичнер ачшып Реал каршы бавария фанаты болуб кеттинер го чиркин
+12
nemo2016
2018-04-24 20:18:43
SeN_Sulusun,ошол кунго жеткиркин чипси жеп бирок барсада быйылкы сезонду куруу калтырган жок фанаттарына мен ишенем Барселона мыкты команда и буйруса алат баардык сыйлыктарды бугунку ойногон командаларга ийгилик каалап таттыктуусу женсин деп калабыз
-2
Omurbek998
2018-04-24 12:57:35
Салах мусулман мен колдойм жаман ойносо дагы
+5
fantomas
2018-04-24 13:17:57
Omurbek998, ашынган динчилдердин дуйно таанымы мынчалык тар?!!

"Паланча жеткен коррупционер болсо да мен аны колдойм, анткени ал менин айылдашым" деген трайбалистерге окшоштура берем, кругозору, тушунугу ото тар, мурдунун учунан башканы корууго жондомсуз.....
+4
Brilant-zhylan
2018-04-24 13:47:19
fantomas,
ХХХХ экенсинго динчил деп динден маалыматы бар адам антип жазбайт
+2
fantomas
2018-04-24 14:53:59
Brilant-zhylan, диний тушунугу "мыктылар" динди спорттон издейт, кийимден издейт, ысымдан издейт, сакалдан издейт.....
-1
fantomas
2018-04-24 13:20:07
Omurbek998, бул спорт. Спорттон динди диний тушунугу тайкылар гана издейт. Орой болсо да туурасы ошол...

Чыныгы куйорман оюндан ырахат алуу учун корот оюнду...
+6
Omurbek998
2018-04-24 16:04:08
fantomas,спорттон динди ким издептир адамдай болуп тушунчу мен салахты колдойм деп атам эмне болбойбу
+1
pat12
2018-04-24 13:44:02
Omurbek998,
Озбектерди да колдоп кой, мусулман деп. ХХХХ
+5
MEDER_KULETOV
2018-04-24 13:00:41
Кучтуусу женсин
+10
Syimyk.isaev
2018-04-24 13:04:10
Кучтуусу женсин
+9
Mina24
2018-04-24 13:26:10
Мен да колдойм мусулман бир мусулман чыкса
ошонуда коро албайбыз келгиле колдойлу
-1
Modric10
2018-04-24 13:55:43
Ромадан интрига кутом
-1
Modric10
2018-04-24 13:57:15
Ромага ийгилик. Давайте Рома эрдик жасагыла дагы бир
-3
Modric10
2018-04-24 18:54:15
минус баскан жагынан барсанын фанаттары октивный
0
Bakulya97
2018-04-24 22:34:28
Буйурса реал-ливерпул финалда.реал финалда кандай ойношуну баары билет.
+2
Meni_unut
2018-04-25 00:20:18
Салах давай газды бас
+2
Ka4okrys
2018-04-25 02:16:52
5:0 Ливерпуль бир буту менен финалда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан