Дүйнөдөгү уникалдуу китепканалардын бири Катардын борбору Доха шаарында ачылды. Аталган китепкана айнек менен курулуп, сырткы көрүнүшү ромб түрүндөгү фигураны элестетет.
Китепкананын курулушун голландиялык архитектор Рем Колхас колго алган. Имаратты курууга колдонулган шаймандардын басымдуу бөлүгү ак түстө болгон. Ошондой эле китеп коюучу текчелер дагы ак мрамордон жасалса, тосмолору айнек менен курчалган.
Ал эми китепкананын жер төлөсүндө араб-ислам маданиятына таандык тарыхый жазуулар коюлган. Китепканага келгендер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Мисалы, жумшак, асма отургучтардын түрлөрү коюлган.
Мындан тышкары китепканага келгендер үчүн атайын лекциялар окулуп, мастер-класстар өтүлүп турат.