Ырчы, акыркы учурда дизайнер-модельерлик кесипти аркалап жүргөн Лира Seven "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына өзү билдирди.
Кубанычтуу кабарды Лира атасы композитор Догдурбай Урманбетовдон укканын айтат.
"Сыйлык алганымды биринчи атама чалып кабарлашыптыр, атам мага сүйүнчүлөдү. Негизи мен 2000-жылдардан бери эле ырдап жүрөм. Акыркы жылдары унутта калып бараткан улуттук баш кийим шөкүлөлөрдү заманбап, жаңы стилде иштеп чыгып, өзүмдүн кийимдер линиямды чыгарып жатам. Кыргыз искусствосуна аз да болсо салым коштум деп эсептейм. Бул сыйлык чынында стимул берет экен. Дагы талыкпай чыгармачылыктын, ойлоп табуучулуктун үстүндө иштегим келип баштады", - дейт.
Белгилей кетсек, Лира Seven көпчүлүккө "Жашоо керемет" деген ыры менен таанымал. Акыркы жылдары чет өлкөлүк топтордун ырчысы болуп ырдап жүргөн.