Эртең, 25-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алат.
Аталган беттеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алмакчы.
Бүгүн, 24-апрелде беттештин алдындагы маалымат жыйын өтүп, ага командалардын машыктыруучулары катышты.
"Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Немат Кошоков өз талаасында өткөрө турган беттеште чабуулга басым кыла турганын айтты.
"Буга чейинки "Истиклол" менен өткөн беттештен кийин биздин команда Өлкө биринчилигинин алкагында 4 беттеш өткөрүп, жеңишке жетти. Азыркы тапта футболчулардын маанайы жогору. Эртең дагы бир жакшы беттеш өтөт. Биз өз талаабызда ойнойбуз. Атаандаштарыбызды билебиз, алар менен 2-жыл катары менен ойноп жатабыз. Эртеңки беттеште үйүбүздө ойноп жатканыбызга байланыштуу чабуулга көбүрөөк басым жасайбыз", - деп айтты Кошоков.
Ал эми "Истиклол" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Мухсин Мухамадиев беттеш эрте баштала турганына нааразы болду.
"Боло турган беттешке олуттуу даярдык көрүп жатабыз. Бул жакка келиш абдан көп убакытты алып койду, бирок беттешке чейин оюнчуларым калыбына келип калат. Жалгыз көйгөй бар. Беттеш эмнеге эрте баштала турганын билбей турам. Кечирээк башталса болмок", - деди ал.
Ошондой эле "Истиклолдун" башкы машыктыруучусу 3-турда "Алай" менен өткөн беттеш тууралуу айтып берди.
"Алай" менен буга чейинки беттеште бизде гол киргизүүгө көп мүмкүнчүлүк бар болчу, тилекке каршы, аларды ишке ашыра албай калдык. Биздин башкы максат - тайпалык баскычтан чыгуу. Эртең кызыктуу беттеш өтөт деп толук ишенем", - деди ал.
Эске салсак, 11-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү "Истиклол" "Алай" футболдук клубдары тандап алуу оюндарынын 3-турунда кез келишкен. Анда тажикстандык клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Муну менен "Истиклол" 7 упай топтоп, турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, 5 упайга ээ болгон "Алтын-Асыр" 2-орунду, 4 упайга ээ "Ахал" 3-орунду, ал эми упайсыз "Алай" 4-орунду ээлеген.
Оштун "Алай" футболдук клубу буга чейин АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында 2 оюн өткөргөн. Анда 7-мартта 1-турдун алкагында "Алай" түркмөнстандык "Алтын-Асырга" 3:6 эсебинде жеңилсе, 13-мартта түркмөнстандык "Ахал" менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңилип калган.