Xiaomi компаниясынын колдонуучулары, аталган брендди жакшы көргөн адамдар көп экени талашсыз. Бирок компанияга болгон сүйүүсү чектен ашып кеткендер да жок эмес.
Мисал катары айтсак, индонезиялык түгөйлөр Фред Ян менен Делима өткөн жылдын август айында кыздуу болушкан. Кызыгы, жубайлар жаңы төрөлгөн ымыркайга өздөрүнүн сүйүктүү брендинин атынан - Сяоми Фраделла Науфалин аттуу ысым ыйгарышкан. Муну менен алар Xiaomi компаниясына болгон сүйүүлөрүн билдирүүнү көздөгөнүн билдиришкен.
Ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жогоруда аталган компаниянын вице-президенти социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Учурда бул жаңылык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкууга алынып, ар түрдүү сын-пикирлер айтылууда.