Samsung'дун ийилчээк смартфонунун чыга турган убактысы белгилүү болду

"Samsung" компаниясы бир нече убакыттан бери ийилчээк смартфондордун үстүнөн иштеп жатканы маалым. Кореялык басылмалар аталган смартфондор качан элге тартуулана турганын жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Samsung" компаниясы колдонуучулардын ой-пикирин билүү максатында 500 миңден 2 миллионго чейин ийилчээк смартфондорду 2019-жылы чыгара баштайт.

"Учурда Samsung ийилчээк смартфондун акыркы дизайнынын үстүнөн иштөөдө. Азырынча смартфон ичине же сыртка бүктөлө турганы белгисиз. Эгерде ичине бүктөлсө, уюлдук аппарат 3 OLED-экран менен камсыздалат. Анын бири сыртта болсо, экөө ичине бүктөлмөкчү. Ошондой эле экрандын диагоналы болжол менен 18 сантиметрди түзөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ernic
2018-04-24 16:59:47
Баасы канча болду экен? 1-2 плоскогубцынын акчасы болсо керек.))
+14
cyrus
2018-04-24 17:02:55
Ernic, 2 плоскогубцы, 2 кочоттун акчасы дейт
+13
expert.007
2018-04-24 18:28:47
Ernic,Арзан эле болот экен анда
+1
aminausman
2018-04-24 17:04:27
Темасынан да комментарийлерди окуган сонун да.
+27
aminausman
2018-04-24 17:06:29
Баасы белгилуу болуп калды мына.
+8
Bek_abad
2018-04-24 17:26:22
Эми ийилбесе эмне экен?))
+6
sakuna
2018-04-24 17:28:38
2млн чыкса Кыргызстанга да 2-3у жетип келээр бекен а
+5
Kalmurzaev8900
2018-04-24 17:32:37
Аа жакшы соонунго мен созсуз алам
+2
bakytkg007
2018-04-24 23:00:35
Мага баасын чакканынар жакты телефонго караганда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан