Бүгүн, 20-июнда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткан сатуучуларга 2 миң сом айып пул салыш керек экендигин билдирди. Айтымында, 6:00дөн 24:00гө чейин спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салынат. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев бул мыйзамды региондорго да жайылтууну сунуштады. "5-6 пункттардагы калкты 1 милиция кызматкери жөнгө салат. Мындай болсо спирттик ичимдиктери менен күрөшүү кыйын. Ошондуктан бул мыйзам алыскы айыл жерлеринде ишке ашуусу күмөн",- деди эл өкүлү.