Бүгүн, 24-апрелде Бангладештин Дакка шаарында өткөн волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү Өзбекстанды жеңип, жарым финалга чыкты.
Беттеш 5 бөлүктө өтүп, биринчи бөлүктө Кыргыз курамасы 25:18 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок 2-3-айлампада өзбек спортчулары 24:26 жана 19:25 эсебинде жеңишке жете алышты. Төртүнчү бөлүктө кайрадан Кыргыз волейболчулары 25:18 эсебинде жеңишке жетип, жалпы эсеп 2:2 болуп калган. Чечүүчү бөлүктө биздин мекендештер атаандашынын үстүнөн 15:13 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.
Жарым финалдык оюндар эртең, 25-апрелде болот. Анда Кыргыз курамасы Бангладеш менен, Түркмөнстан Непал менен кез келет.
Айта кетсек, Дакка шаарында өтүп жаткан "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курамалары күч сынашууда. Анда Кыргыз калыстары алгачкы жолу волейбол боюнча Азия чемпиондугун тейлеп жатышат.