Бүгүн, 24-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалына өткөн командалар аныкталды.
Аталган мелдештин 3-күнүндө 8 команда өз ара беттешип, жеңүүчүлөрдү аныктады. Анда "Арашан" командасы "Төш-Булакты" 11:1 эсебинде жеңип алса, "Кеңешбек-Ата" "Сары-Өзөн" командасына 16:1 эсеби менен жеңилип калды. "Бакубат-Талас" "Кара-Балтаны" 8:0 эсебинде утса, "Көлдүк" "Келечек" командасын 9:2 эсебинде утуп алды.
Муну менен мелдештин жарым финалына "Арашан", "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" жана "Көлдүк" командалары өттү. Финалга чыгуу үчүн беттеште 26-апрель күнү "Арашан" - "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" - "Көлдүк" командаларынын беттештери орун алат.