Атасы тарабынан зордукталган 3 жашар кыздын апасы “айыпталуучуга доом жок” деген тосмо арыз жазды

Атасы тарабынан ур-токмокко алынып, зордукталган 3 жашар кыздын апасы "айыпталуучуга доом жок" деген тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан өз кызын уруп-сабоо менен зордуктаган Үсөн Сакатаевге карата кылмыш иши козголгон. “3-июнь күнү аталган райондук сотко жабырланган 3 жашар кыздын апасынан У.Сакатаевге карата доосу жок экендиги жана кылмыш ишин токтотуу тууралуу арыз түшкөн”,- деп жазылат маалыматта. Эске салсак, ушул жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага 3 жашар кыз уруп-сабалган жаракат менен келип түшкөн. Кийинчерээк милиция кызматкерлеринин ыкчам чара көрүү аракеттеринин натыйжасында 3 жашар кыз атасы тарабынан сабалып, зордукталганы маалым болгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, тосмо арыз канааттандырылган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nazira1989
2013-06-20 13:12:40
Эмнеге арыз жазды и?Камаш керек,мин жолу арыз жазса да камаш керек,кылмыш кылдыбы жазасын алышы керек!!!Оз баласын зордуктаган зоокурго олум жазасы да аздык кылат!!!Энесине такыр соз жок,эр десе балдарын да унуткан неме окшойт,Аллахым озу жазасын берсин...
+4
Neitral86kg
2013-06-20 13:14:13
Таптакыр зөөкүр турбайбы. "Элдик сот" жүргүзүп, бычып туруп, дарга асып салыш керек, мындай өз канынан жаралган 3 жашар кызына "аңгилик" кылган келесоону. Эгер чын эле ушундай факт катталса.
+4
ledifech
2013-06-20 13:18:52
Кудай сактасын! Ал кыздын келечеги кандай болот. Ичкендин кесепети ушул да, Баарыбызга Аллахым ыйман берсин!!!
0
Angel92
2013-06-20 13:45:55
Апасынын да косягы бар го сыягы...
+2
Xamer
2013-06-20 14:29:27
Бул адамды чыгарбаш керек, оз баласын аябаган башкаларды аямак беле, бул коомго аябай коопту адам, ьаш баранга эле алып салыш керек
+1
nazi.kg
2013-06-20 14:39:25
оз кызынын тагдырыга балта чапкан атаны ойлонуп отурушпай эле атып салыш керек.Атасы олсо дагы кыздын тагдыры кандай болот эми

+1
mayoral
2013-06-21 03:46:23
Апасынын "Косягы" 3 жашар кызын аракка тойгон мас адамдын жанына таштап,озу уйдон чыгып кеткени! Кандай болгон кундо да бул зоокур оз жазасын алыш керек.!!!!!!
0
mayoral
2013-06-21 03:48:15
Кичинекей наристенин келечегине балта чаап, жазасын албай чыгып кеткенге озунунда кантип дити барат?..
0
Pearl.06
2013-06-21 12:42:53
Тосмо арыз жазган бул аялдын башында бир мандем бар же ичкиликке берилген алкаш аял.Бул иште өзүнүн да күнөөсү көп болуш керек,болбосо ушул зөөкүрдү кандай адам кечирет.Зөөкүргө өлүм,өлүм жана өлүм.
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-06-21 14:30:56
Кайрадан олум жазасын киргизуу керек.
0
Churok
2013-06-21 15:18:40
ОЗ БАЛАСЫН УШИНТИП ЖАТСА БАШКАЛАРДЫ КАНТЕТ. АНДАЙ АДАМДАРДЫН ОРДУ ТУРМОДО
0
Zeinepa
2013-06-28 10:39:34
Эне деген мээрим, ата деген кампордук кайда? Атасын соттоп мамлекетке зыян алып келбей эл асылып алса болмок.Кантип жашап жатат намыстанып олуп калбай, турмодо да буга орун жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан