Британиялык "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы "Центеррадан" "Кумтөр" кенин сатып алууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган компаниянын билдирүүсүндө айтылды.
Анда сатып алуу боюнча "Чаарат Голд Холдинг Лимитед", "Центерра" жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому үч тараптуу келишим түзүшү керек. Анын негизинде, британиялык компания "Центеррадан" "Кумтөр" кенине ээлик кылган "Кумтөр Голд Компани" компаниясын сатып алып, башкаруу укугуна ээ болот.
Ал эми "Кыргызалтын" артыкчылыктуу акцияларына ээ болуп, түшкөн пайданын 50 пайызын алат. Ошондой эле британиялык компания менен "Кыргызалтын" алдыдагы 5-7 жылда толук бойдон кала турган дивиденттерди тең бөлүшөт.
Мындан тышкары компания алдыдагы 5-7 жылда Кыргыз жериндеги эки кен казуу ишине өз үлүшүнөн 600 миллион долларга чейин каражат сала турганын жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууга умтула турганы айтылган.