Куудул Назира Жетигенованы сахнадан "Чыпалак баатырга" күйөөгө узатышты

Бүгүн, 24-апрелде куудул жана актриса Назира Жетигенова сахнада 20 жыл аталышындагы юбилейлик концертин берди.

Ага утурлай бүгүн куудул айымдын туулган күнү. Кош майрамды бирге белгилеп, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга калың элди чогулткан Жетигенова концертке декабрь айынан бери даярданган.

"Концерт мен ойлогондой башталды. Биринчи бөлүктө атайын мага көп берилген суроого жооп иретинде күйөөгө тийүү тууралуу сатиралык номер даярдаганбыз. Экинчи бөлүктө да жалаң жаңы тамашалар орун алды. Бул концертке өткөн жылдын декабрь айынан тартып даярдана баштагам", - деди ал.

Туулган күнүндө досторунан белек албаганын айтып таарынган куудулга жакындары белектерин күтүүсүздөн сахнага алып чыгып тартуулашты. Андан кийин Назира Жетигенованы күйөөгө узатуу демилгеси көтөрүлүп, күйөө балага "Чыпалак баатыр" аттуу каймана аты менен таанымал Зарылбек Аликенов сунушталды. Өзгөчө номер көрүүчүлөргө жылмаюу тартуулап, зал күлкүгө жаңырды.

Куудулду туулган күнү жана юбилейлик концерти менен куттуктап бир тууганы Алина Жетигенова, ырчы Дайыр Исмадияров жана кесиптеши Гүлжайна Атаканова келди. Андан соң Жетигенова менен төкмө акын Талас облусун мактаган рэп айтып, элди шаңга бөлөдү.

Концерттин видеосюжетин эртең, 25-апрелде "SUPER TV" бөлүмүнөн көрө аласыз.

Куудул Назира Жетигенованы сахнадан "Чыпалак баатырга" күйөөгө узатышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nargiz94
2018-04-24 23:30:48
Дайыр Гулжайна мн Назиранын жанынан чыкпай калган го. Баштары бош баарынын не кылса оз эрктери:). Толик сынчыдан кутолу калганын.
+17
Toguzbai
2018-04-24 23:44:39
Сатирабы же чын чыпалакка тийдиби
-7
bond02
2018-04-25 00:07:21
пара элесинер жарашкан.
+4
Zainidin96
2018-04-25 00:12:25
Кармашкан колунуздар узулбосун туболуко
+3
nurgaz
2018-04-25 00:23:48
Тийген болсо жакшы болуптур, бактылуу болгула.
+4
lika83
2018-04-25 00:32:10
Ооо жакшы болуптур суперге чыгарасынарбы? Кутобуз
+3
Sagyn.91
2018-04-25 00:37:53
Эмне дээр элек, ийгилик.
Откондо Алибекова жонундо беруунун сонунда айтканда эле жакамды кармагам. Бираз тартынуу, уялуу болуш керек да, передачанын негизги максаты акырынды сыноо эле деп, ойду тоону суйлоп дооругонуно кантесин. Ошондон сон....
-4
Bekboloooot
2018-04-25 01:01:31
Болгону тамашалуу номер болгон!
+7
Karban86
2018-04-25 01:08:11
Кыйдым нике эки буту тика
-12
Dilzat1631
2018-04-25 01:39:22
Oozunarga kelgende ottoi berbei Nazira ejeni koro albasanar silerge jakpasa oozunardy bulgap jaman soz jazyp,biroonun kunosun ozunorgo algandan koro jazbai ele koigulachy
+2
Dilzat1631
2018-04-25 01:41:52
kiiin ar bir sozubuzgo joop berer kun kelet,oshonduktan bul jalgan jashoodo biri biribizge jakshy gana sozdordu gana aitaly.
+4
Dilzat1631
2018-04-25 01:42:40
Nazira eje azamatsyz,myndan dagy chon iigilikterge jetishiniz!
+1
Nevestkaa
2018-04-25 15:49:51
Назира да айыбын жууш үчүн маймыл болуп атат да ,Зарылбектин алдында бети шүмөт болуп.
-1
Pandora
2018-04-25 16:06:52
Nevestkaa,Сахнага алып чыгып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан