Индияда дарыгер бейтаптарды алмаштырып башынан жаракат алган адамдын бутун тешип алган

Индиянын Дели шаарындагы мамлекеттик оорукананын башкы дарыгери оорулууларды алмаштырып башынан жаракат алган адамдын бутун тешип алган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.

Башынан жаракат алган бейтап автокырсыктан ден соолугуна залал келтирип алган. Дарыгер аны бутуна темир койдурганы келген башка бейтап менен алмаштырып, операция учурунда бутун тешип салган. Оорукана жетекчилиги ката кетирген хирургга мындан ары бирөөнүн көзөмөлүндө гана операция кылууга уруксат берген.

Эске салсак, жакында эле жасалма жол менен боюнда бүтүрүү боюнча канадалык дарыгер кардарларына жашыруун өзүнүн уруктарын салып жүргөнү маалым болгон. Ага каршы 11 бейтап арыз жазган. ДНК-анализдин жыйынтыгында айымдардын балдарынын биологиялык атасы дарыгер экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
RusMos76
2018-04-25 09:05:56
Откондо эле бироонун башына операция кылып таштады эле Индияда, биз болсо Индияга барабыз операция жакшы кылат деп.
0
1Adilet1
2018-04-25 19:06:36
RusMos76,чындыгында Индияда операция жакшы жасайт.. Дуйнодогу кучту больницанын бири Ошо Индия да
0
Zaina
2018-04-26 10:57:14
1Adilet1,дуйнодогу кучтуу больницанын бири Америкадагы Массачусетс штатында жайгашкан Mass General деген больница
0
akzuura
2018-04-25 09:06:21
Тообо кылдым !
+1
bayhan
2018-04-25 09:15:41
Ушундайлардан кудай сактасын.
0
portugalia
2018-04-25 09:31:23
Озунун уругун салганы кызык экен.
+5
Nuri1988Elim2010
2018-04-25 11:03:17
Озунун уругун кобойтойун дегенго
+2
VIP_
2018-04-26 07:07:08
Биздин универлерде окуп кеткен дарыгер индус болсо керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан