Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргыз курамасы жарым финалда Бангладеш менен кез келет

Бүгүн, 25-апрелде Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда жарым финалдын алкагында Кыргыз өлкөсү Бангладеш менен беттешет.

"Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда жалпы эсепте 6 команда катышып, 2 тайпага бөлүнүшкөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында "А" тайпасынан Бангладеш жана Непал курама командалары жарым финалга аттанса, "В" тайпасынан Түркмөнстан жана Кыргыз өлкөсү аттанган.

Кыргыз волейболчулары тайпалык баскычта алгач Түркмөнстан курамасы менен кез келип, партиялар боюнча 25:23, 35:33 жана 28:26 эсебинде жеңилип калган. 2-беттеште Өзбекстан курама командасы менен кез келип, партиялар боюнча 25:18, 24:26, 19:25, 25:18 жана 15:13 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayhan
2018-04-25 10:14:42
Ийгилик каалайм.
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-04-25 12:59:42
Ийгилик каалайм!
+1
Modric10
2018-04-25 22:00:45
ошондо 2 тайпадан 2 команда чыгып бири бири менен кресс ойнойбу. администрация кенири жазсанар жакшы болмок эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан