Франциянын президенти Эммануэл Макрондун АКШга барган сапарындагы айрым сүрөттөр интернетте кызуу талкууга алынууда. Тагыраагы, Эммануэл Макрон менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайлары менен чогуу түшкөн сүрөтүнө түрдүү комментарийлер жазылууда.
"Трамп менен Макрон аялдарын алмашып алса болмок" дегендерге "сүйүү жашка карабайт" деген сындуу ой-пикирлер каршы аргумент катары билдирилип жатат.
Маалымат үчүн: Эммануэл Макрондун жубайы Брижит Макрон жолдошунан 25 жашка улуу. Ал эми Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп менен жаш айырмачылыгы 24 жыл.