Кыргыз спортчулар дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.
Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу Ливандын Бейрут шаарында 12-13-май аралыгында өтмөкчү. Ага 19 өлкөдөн 166 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Бул мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча жаштар курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшөт. Жыйындар Ысык-Көлдө 24-апрелден 7-майга чейин өтмөкчү. Жыйындарга ага машыктыруучу Азамат Жасыбаев 12 спортчуну чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Кубаныч Айбек уулу;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Баяман Сагынбай уулу, Дөөлөт Таалайбек уулу;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Эртур Турдубаев, Байбол Саламат уулу, Хамид Сансанза;
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Адиль Мырзаев, Богдан Филиппов;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Умарбек Амиржанов;
100 килограммга чейинки салмак ченинде: Орозбек Алмазбеков;
100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Дастан Сарбатов;
Машыктыруучу - Жаркынбек Шамбетов;
Ага машыктыруучу - Азамат Жасыбаев.