Белгилүү "Samsung" компаниясы интернетке туташпаган смартфонду иштеп чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, жаңы иштелип чыккан Galaxy J2 Pro смартфону менен интернет колдонууга мүмкүн эмес. Анда 3G, 4G, LTE жана Wi-Fi тиркемелерин кошуп байланышууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул смартфон кол телефонундагы маалыматтардын тарап кетүүсүн алдын алат. Ошондой эле жаңы смартфон интернетке туташпагандыктан карылар менен жаш балдардын колдонуусуна ыңгайлуу экенин компаниядан билдиришкен.
Учурда Түштүк Кореяда аталган смартфон 185 доллардан сатылууда.