25-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги жактырылды. Анда депутат Жанар Акаев Жамшитовго Румыниянын башкы прокурорунан үлгү алууну сунуштады. Кечээ, 24-мартта депутат Жыргалбек Турускулов дагы ушул мисалды келтирген.
"Румын керемети"
Румыниянын башкы прокурору Лаура Ковеши 1973-жылы 15-майда төрөлгөн. Анын атасы да прокуратура тармагында иштеген. Ал мектепте окуп жүргөндө баскетбол ойночу. 19 жашында баскетбол боюнча Европанын вице-чемпиону болгон. 2002-жылы Эдуард Ковешиге турмушка чыгып, 2007-жылы ажырашып кеткен. Бирок күйөөсүнүн фамилиясында калган.
1995-жылы Бабеш-Бойяи университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Жогорку окуу жайды аяктары менен прокуратура тармагында эмгек жолун баштаган. Түрдүү тепкичтерди басып өтүп, 2006-жылы 33 жашында Жогорку кассациялык соттун алдында башкы прокурор болуп дайындалган. Бул карьералык секирикте "Румыниянын тарыхында биринчи жолу ушундай жаш жана прокурор айым кызматка келип отурат" деп мактоого арзыган. 2009-жылы аталган өлкөнүн башкы прокурору болгон.
2013-жылдан тарта Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурору болуп иштеп келет. Лаура Ковеши бул кызматка келгенден бери калктын аталган мекемеге карата ишеними жогорулаган.
Эмне үчүн румын эли Лаура Ковешиге ишенет?
Кыска убакыттын ичинде эле Лаура Ковеши жетектеген башкармалык министрлер, депутаттар, отуздан ашуун мэрлер, жүздөгөн соттор, прокурорлор, мамлекеттик компаниянын жетекчилери, бажы жана полиция кызматкерлери фигурант болгон миңдеген кылмыш иштерин козгогон. 4 жыл аралыгында 1 миң 500дөн ашуун кылмыш ишин сотко жеткирген. Коррупцияга айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы кармалып, соттолуп, кийин мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилген. Бир эле 2016-жылы конфискацияга алынган каражаттын жалпы көлөмү 670 миллион еврого чамалаган. Коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн жыйынтыгында өлкөнүн ИДП көрсөткүчү 5 пайызга өскөн.
Бирок эң баса белгиленип айтылганы - бул аны Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурорлугуна дайындаган ошол кездеги президент Траян Бэсескунун бир тууган иниси Мирча Бэсескуну камагандыгы. Ал 2016-жылы коррупция беренеси боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган.
Ошол эле учурда ага жана ал жетектеген башкармалыктын жүргүзгөн ишине каршы болгондор дагы бар. Оппоненттери аны адам укуктарын бузат деп айыптап, телефондорду тыңшоону колдонгонун мыйзамсыз деп эсептешет.
Лаура Ковеши ипотекага алган батирде жашайт
Ал хан сарайда жашабайт, өзүнө таандык унаасы да жок. Декларациясында көрсөтүлгөн жалгыз мүлкү - бул анын ипотекага алынган 2 бөлмөлүү батири. Маянасы 3200 еврону түзөт. Учурда Лаура Ковеши Румыниядагы эң кадыр-барктуу жана таасирдүү адамдардын бири.