Ооганстандык кыз атасынын каалоосу үчүн 10 жылдан ашуун эркек балага окшоп жүргөн

Ооганстанда жашаган 18 жаштагы кыз ата-энесинин каалоосу менен 10 жылдан ашуун эркек балага окшоп жүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Вадафардын үй-бүлөсүндө 5 кыз бар, эркек бала жок. Мындан улам ата-энеси кызын бача-пошко (эркек баласы жок үй-бүлөдө кызга эркектердин кийимин кийгизип, бала катары кабыл алуу салты) айланткысы келген. Бул салтка ылайык, ата-энесинин каалоосу менен кыз эркекче кийинип, үйдөгү эркектерге тиешелүү жумуштарды аткарат. Мындан улам ушул салтты карманган Вадафар 8 жашынан тарта атасы менен кыш чыгарган заводдо үй-бүлөсүнүн карыздарын жабуу үчүн иштеген.

Ал "мен кыз экеним тууралуу ойлонуп көргөн эмесмин" деп айткан. Аны менен чогуу иштеген мырзалар анын кыз экенин билишпейт. Ошондой эле Вадафар жынысын 10 жылдан бери башкалардан жашырып келгенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, бача-пош салты коомдо калыптанып калган "эркек баласы жок" деген басымдан үй-бүлөнү сактап келет. Бача-поштор турмушка чыга турган куракка келгенде кыз болобу же бача-пош бойдон калабы өздөрү чечишет. Көпчүлүк бача-пош кыздар улуу куракта кыйынчылыкты сезишет. Анткени 18 жашында кыз катары жашоосун уланткан бача-поштор кыздарга тиешелүү диний чектөөлөргө көнө алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Zainidin96
2018-04-25 17:41:53
Укмуш салты барго булардын супер
-6
Kojo1995
2018-04-25 20:07:33
Пипец
-1
pat12
2018-04-25 18:07:55
Коомдо канчалык диний чектоолор, диний тыйуу салуулар коп болсо эл ошончолук жакырчылыка батат. Афганистанда диний ырым жырымдардын таасири элдин психиологиясын жакшы нукка бурган жок. Элдин психологиясын озгортуш керек.
+1
taranchi14
2018-04-25 18:51:35
pat12,ушундай нерсе динде бар бекен?! Ушул козуно диний ырым жырым корунуп турабы?! Бут жаман нерсенин баарын динге тонкой берген ооруунардан качан арыласынар?
+14
Rusbek1987
2018-04-25 19:32:55
taranchi14,бул деген ошол элдин салты.Динден эмес.Баягы эле эл эмне дейт деген система
+8
JaneEr
2018-04-25 19:04:13
pat12,демократияда жашап биз байып
кеттикпи?Диндин бул окуяга байланышы
жок.Сауд Аравияда дин менен жашап
жыргап эле атышат
+10
Ka2sr1
2018-04-25 19:22:11
JaneEr,
Арабтарды угузпачы. Араб еврейлеринди уккум да келбейт. Дин десе эле арабтарды туурап киребиз.
-11
Refiri87
2018-04-25 20:19:31
Ka2sr1,сен да туурай Бер хакас тувиндерди монголдорду
+2
Dalil
2018-04-25 21:08:28
pat12, афган элинин салты деп турса сен динди сүйлөйсүн. Билдирүүлөрүңдүн көпчүлүгү ислам динине 1% илешсе эле жан дилиң менен диний ырым жырым, сокур фанаттар деп какшып эле турасыңар
+8
Bale
2018-04-25 23:49:37
pat12,диний тыйуу дэ... Арабтар менен турктор онугуп эле жататго.. Просто чондор иштеш керек иштеш!!!
+4
Pandora
2018-04-25 18:11:49
Жамал Сейдамактова эжебиздей болгон турбайбы
+2
Pandora
2018-04-25 18:12:48
Тообо кылдым анын кыз экенин билбесе анда уну да хркекче бекен?Назиктигичи?
+3
zhaku2017
2018-04-25 18:26:42
Санаа - саргайтат, убайым - картайтат. Салтуу элдин - санаасы көп, динчил элдин - ырымы көп.
+5
Nevestkaa
2018-04-25 21:16:42
Жынысын жашырганы мн көкүрөгүчү?
+2
Lirka
2018-04-26 01:57:29
Ким айтты бул салтты динге тиешеси бар деп тескерисинче динде аял аялдай эркек эркектей болсун деген соз бар аялга окшогон эркекке жана озун эркекке окшоштурган аялдарга Алланын да каары келет экен динди тушунуп алып анан суйлосонор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан