Бүгүн, 25-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-туру орун алды. Анда Оштун "Алай" футболдук клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алды.
Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алган беттеште тажикстандык команда акыркы мүнөттө эсепти 2:3 кылып, жеңишти илип кетти.
Эсеп санын 7-мүнөттө "Истиклолдун" капитаны Фатхулло Фатхуллоев пенальтиден ачты. 38-мүнөттө "Алай" командасы айып соккудан киргизген Улугбек Рыскуловдун голу менен жооп берсе, 45-мүнөттө "Истиклолдун" оюнчусу Ромиш Рыскулов кайрадан командасын алдыга чыгарды. 2-таймда Алиа Силла пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк алып, таамай болду. Эсеп 2:2. Беттештин негизги убактысына 4 мүнөт кошулуп, анын 2-мүнөтүндө "Истиклол" эсепти 2:3 кылып жеңишти илип кетти.
Муну менен тажикстандык "Истиклол" 10 упай топтоп турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, "Алай" командасы упайсыз 4-орунда жайгашты.