Кинематография департаменти улуттук оюндар тууралуу тасма тартуу үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кинематография департаменти кыргыздын улуттук оюндары тууралуу тасма тартуу үчүн сынак жарыялады. Сынакка тасма жаратуучулардын бардыгы катыша алат. Тасманын сценарийи улуттук баалуулуктарды даңазалап, жаштарга жана балдарга таалим-тарбия берүүгө тийиш.
Белгилүү болгондой, арыздар 31-майга чейин кабыл алынып, 1-июлга чейин атайын комиссия аны карап чыгат.