Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде актриса, режиссёр Асема Токтобекованын "Сүйүү күчү" тасамасы жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Алгач тасманын жалпы жамааты менен тааныштыруу орун алды. Кийин кинону тартуу учурунда
каза болгон Хадижа Исмаилованы эскерүү үчүн бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, анда Асема Токтобекова ыйлап жиберди.
Аталган тасмада Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиева жана баш каармандар Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев роль жаратышкан.
"Ондон ашуун тасмада баш каармандын ролун жараттым. Бул тасмада мен балага, бир тууган, энеге болгон сүйүүнү көрсөткүм келди. Кино 2017-жылы эле бүткөн, бирок кырсыкка байланыштуу өзүмдү моралдык жактан даярдап жүрдүм. Мен тартылып жатканда экинчи режиссёр жардам берип жатты, ошондуктан эч кандай кыйынчылык жаралган жок", - дейт Асема Токтобекова.
Фильмде Бакыт аттуу жигит төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып түрдүү амалдарга барат. Себеби ал апасы каршы болгон бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынайды жакшы көрөт. Ортодо көп тоскоолдуктар болот. Тагдыр Бакыт менен Алтынайды бирге кылабы же жокпу? Окуя мына ушул суроонун тегерегинде уланат.
"Сүйүү күчү" тасмасы эртең, 26-апрелден баштап өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.