Бүгүн, 20-июнда маалымат жыйынында Архитекторлор союзу Бишкек шаарында курулуштарга 5 жыл мораторий киргизүүнү керектигин билдиришти. Архитекторлор борбор шаардын келбети кетип, Индиядагы майда шаарларга окшоп бара жаткандыгын кабарлашты. Архитектор Белек Сарымсаковдун айтымында, шаардагы жарнамалар борборубуздун көркүн одоно эле бузуп жатат. “Жарнактар баш аламан, ар кайсы жерде жайгашкан, ага эч ким көзөмөл жүргүзбөгөндөй сезилет. Бишкек шаары - эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин борбору, ал талапка жооп бериши керек. Бизде тескери, баш аламан курулуштар жүрүп, мурунку келбетинен кетти”, - деди ал.