26-апрелге караган түнү футбол боюнча эң беделдүү мелдештердин бири Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттеши орун алды. Анда Мюнхен шаарында жергиликтүү "Бавария" футболдук клубу испаниялык "Реал Мадрид" клубун кабыл алды.
Бул беттеште талаа ээлеринин оюну жүргөн жок деп айтууга болот, анткени алгачкы таймда эле Юпп Хайнкестин шакирттери жаракат алып, оюн талаасын таштоого аргасыз болушту. 5-мүнөттө Арьен Роббен жаракат алса, 31-мүнөттө Жером Боатенг оюн талаасын таштады. Германиялык клубда мындай оор абал орун алганы менен, алар 28-мүнөттө эсеп санын ачканга үлгүрдү. Жошуа Киммих узаткан таамай соккусун Кейлор Навас тосуп алууга жетишкен жок. 1-таймдын соңуна 1 мүнөт калганда "Реалдын оюнчулары контр-чабуулга чыгып, Марселонун голу менен эсепти тең кыла алды.
57-мүнөттө "Реалдын" оюнчусу Марко Асенсио Лукас Васкестин чыгарып берүүсүнөн соң жакынкы аралыктан таамай сокку узатып, эсепти 1:2ге айлантты. Мындан улам "Бавария" эсепти тең кылганга бир топ аракет жасаганы менен эсеп санын өзгөртө алган жок.
Муну менен жарым финалдын алгачкы беттешинде "Реал Мадрид" конокто жеңишке жетип, финалга өтүүгө бир кадам жакындады. Командалардын жооптук беттеши 2-майда орун алат.