Бүгүн, 26-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алат.
Мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыгында жарым финалга "Арашан", "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" жана "Көлдүк" командалары өткөн. Тайпалык баскычта бишкектик "Арашан" командасы "Көк-Жалды" 2:1 эсебинде, ал эми "Төш-Булакты" 10:1 эсебинде утуп алган. Чүйлүк "Сары-Өзөн" командасы "Четиндини" 11:1 жана "Кеңешбек-Ата" командасын 16:1 эсебинде жеңген. Таластык "Бакубат-Талас" алгачкы беттешинде "Аафият" командасын 6:0 эсебинде утуп алса, кийинки беттеште "Кара-Балтаны" 8:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми "Көлдүк" командасы тайпалык беттештердин алкагында алгач "Теңир-Тоо" командасын 6:0 эсебинде жеңсе, "Келечек" менен болгон беттеште 9:2 эсебинде жеңишке жеткен.
Муну менен бүгүн "Арашан" - "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" - "Көлдүк" командаларынын беттештери орун алат. Оюн убактысы боюнча саат 11:00.