Амстердамда сагыздан тигилген кроссовкалар чыкты

Нидерландынын борбору Амстердамда кайра иштетилген сагыздан кроссовкалар чыгарылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Gumdrop", "Explicit Wear" компаниясы жана "Iamsterdam" шаардык уюму менен биргеликте спорттук бут кийим делген кроссовкаларды чыгарышкан. Аталган бут кийимдин таманы сагыздан жасалган. Ал эми кроссовкалардын үстүңкү бөлүгү булгаарыдан тигилген.

Кроссовкаларды даярдоо үчүн колдонулган сагыз шаар көчөлөрүнөн чогултулуп, кайрадан иштетилип чыккан. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, 4 жуп кроссовка үчүн 1 килограммдай сагыз керектелген.

Өзгөчө кроссовкалар 2018-жылдын июнь айында сатыкка чыгат. Болжолдуу баасы 190 еврону (15815 сом) түзөт. Ошондой эле кроссовкалар күлгүн жана кара-кызыл түстө чыгары айтылат маалыматта.

Амстердамдын көчөлөрүнө жылына 1 жарым миллион тонна сагыз ыргытылат. Мындан улам шаардык администрация жердеги сагыздарды чогултуу үчүн миллион долларын жоготот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2018-04-26 10:23:34
Шумдугун кургур !
0
Kalmurzaev8900
2018-04-26 10:26:54
Сагыз эмне бул
-17
Sonya302712
2018-04-26 10:32:12
Сагыз- жвачка
+1
meni_kut
2018-04-26 10:41:43
ысык асфальтта не болоткен
+2
Aitun
2018-04-26 12:21:41
Усту кетип тугу асфальта калат бекен?
+3
Zainidin96
2018-04-26 14:04:21
Жармашып калбайбы бул ысыкта
0
aksy94
2018-04-26 16:20:59
Сагыздан кросовка жазап жаткандан кийин асфальтта жармашпай турган кылып жазайтда ойлонбойле суйлой бересинерда
+2
Ka4okrys
2018-04-27 12:28:29
Ирип кетпесе болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан