Кыргыз спортчулар көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугуна катышат

Көркөм гимнастика боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелден 2-майга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Сауле Ашимова - спорт чеберине талапкер;

Айша Изабекова - спорт чеберине талапкер;

Аяна Усубалиева - спорт чеберине талапкер;

Агата Быковская - спорт чеберине талапкер;

Карина Капканец - спорт чеберине талапкер;

Машыктыруучулар: Жаңыл Каймазарова жана Ирина Сторчевая.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан